Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 4,5 миң адам таза сууга мүмкүнчүлүк алат

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 4,5 миң адам таза сууга мүмкүнчүлүк алат. Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, район калкын таза суу менен камсыздоого республикалык бюджеттен 68 миллион сом бөлүнгөн.

 

Учурда атайын кызматтар 200 метр тереңдикте бургалоо иштерин жүргүзүүдө. Белгилеп кетсек, буга чейин жергиликтүү тургундар таза суунун жоктугуна бир нече ирет арызданып келишкен.