“Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркы бүгүнтөн тарта жабык болот

“Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркы бүгүнтөн тарта 10-июнга чейин жабык болот. Бул тууралуу “Ала-Арча кыргыз улуттук жаратылыш паркы” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эс алуу аймагында санитардык иштер жүргүзүлгөндүктөн, унаалар жана жарандар ушул жекшембиге чейин өткөрүлбөйт.