Бишкекте мончо жана унаа жуучу жайлардын ишине качан уруксат берилет?

Бишкекте унаа жуучу жайларга, мончолорго жана бассейндерге суу колдонууда киргизилген чектөөлөр бир айдын аралыгында алынат. Буга вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев ишендирүүдө.

Анын айтымында, калк сууну сарамжалдуу пайдаланса, абал турукташат.

 

Эске салсак, таза суунун кескин тартыштыгына байланыштуу мэрия өткөн аптада ордо калаада рейд жүргүзгөн. Анын алкагында айрым мончо жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылган.