Өзбекстандын ишкерлери Кыргызстанга 70 миллион доллар инвестиция салууга даяр

Өзбекстандын ишкерлери Кыргызстанга 70 миллион доллар инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиевдин коңшу мамлекетке сапарынын алкагында белгилүү болду.

 

Маалыматка ылайык, өзбек ишкерлери базальт буласын өндүрүү, кальций карбидин чыгаруу, текстиль ишканаларын куруу, кварцты байытуучу завод ачууну пландап жатышат.