Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алат. Кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда жактырды.
Маалыматка ылайык, насыя жылдык 1,5 пайыз кредиттик комиссия менен 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөттө 25 жылга берилет. Каражат турак жайды каржылоого жумшалат.