Мессинин «Интер Майамидеги» айлыгы белгилүү болду

Лионель Месси Майамидеги бардык спортчулардан эң көп маяна алат. Аргентиналык супер жылдыз жылына 54 миллион доллардан ашык киреше табат. Мындай акчаны бул шаардагы башка спорттун түрү менен алектенген бир дагы спортчу албайт.

 

“ПСЖ” Месси сезондун аягында клубдан кетерин жарыялады. Аргентиналык париждиктердин курамында 2021-жылдын жай мезгилинен бери ойноп келген.