Россиянын “кара тизмесинен” 45 миңден ашык кыргызстандык чыгарылды

Быйыл май айында Россиянын “кара тизмесинен” 45 миңден ашык кыргызстандык чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда ал тизмеде 44 миңдей кыргыз жараны бар.

 

Расмий маалыматка ылайык, аталган мамлекетте 1 миллиондон ашуун кыргызстандык мигрант болуп жүрөт. Орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге жакын экени айтылып келет.