Фархад Бекманбетов кызматтан кетти

Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов кызматтан кетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, ал өз каалоосу менен кызматтан алынды. Кошумчаласак, соңку учурда Фархад Бекманбетовго нааразычылык күчөп кеткен. Алсак, анын айрым кызматкерлери «жетекчи иш билги эмес»… Кененирээк…

Жалал-Абаддын Кербен шаарындагы аэропорт август айында толук кандуу иштеп баштайт

Жалал-Абаддын Кербен шаарындагы аэропорт август айында толук кандуу иштеп баштайт. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Акуналы Досалиев парламентте билдирди.   Анын айтымында, аба майданды калыбына келтирүүгө 36 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка аэропорттун учуп-конуу тилкеси узартылды. Учурда соңку калыбына келтирүү иштери жүрүп,… Кененирээк…

Америкалык окумуштуулар дем алып, тердеп, титирей турган дүйнөдөгү биринчи роботту жаратты

Америкалык окумуштуулар дем алып, тердеп, титирей турган дүйнөдөгү биринчи роботту жаратты. Кеп Аризона университетинде иштелип чыккан басуучу манекен тууралуу болуп жатат.   Механизм сыноодон өтүп, адамдын денеси жылуу толкундарга кандай таасир бере тургандыгын изилдөөгө жардам берет.

Кыргызстандык зыяратчылардын биринчи тобу Сауд Арабиясына учуп кетти

Кыргызстандык зыяратчылардын биринчи тобу Сауд Арабиясына учуп кетти. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкек – Медина багыты менен 10 рейс пландалса, анын жетөөсү Ош шаарынан учат.   Бишкектен ажылыкка 2 миңдей адам учат, калгандары түштүк калаасынан жөнөтүлөт. Эске салсак, Кыргызстанга Сауд Арабия быйыл 6 миң квота… Кененирээк…

Милиция Бишкек тургундарын суу тартыштыгынан улам жол тоспоого чакырат

Милиция Бишкек тургундарын суу тартыштыгынан улам жол тоспоого чакырат.   Ички иштер башкармалыгынан эске салышкандай, жолду мыйзамсыз тоскондор мыйзамга ылайык, 2 айдан 1 жылга чейин коомдук жумуштарга тартылат, 20 миңден 50 миң сомго чейин айыпка жыгылат же 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Белгилеп кетсек, июнь… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында республикалык бюджет 5 айда 243,8 миллион сомго толукталды

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында республикалык бюджет 5 айда 243,8 миллион сомго толукталды.   Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, бул жол эрежелерин бузуу үчүн айдоочулардан чогулган айыптардын суммасы.   Долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу максатында быйыл жалпысынан 900 миллион сом каралды. Анын алкагында республиканын бардык аймактарында видео… Кененирээк…

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курамасы Азербайжанда өткөн эл аралык турнирден алты медаль жеңип келди

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курамасы Азербайжанда өткөн эл аралык турнирден алты медаль жеңип келди.   Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, Бакуда өткөн мелдештерде күмүш медалдарды Рената Сон жана Сабина Батаджиева ээлесе, Екатерина Павленко, Шахзодбек Садыкжан уулу жана Тимур Исаков коло медалдарды тагынышты.

“Манас” аэропорту Сеул шаарынан алгачкы учакты тосуп алды

“Манас” аэропорту Сеул шаарынан алгачкы учакты тосуп алды. Аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, Түштүк Кореянын борбор шаарынан Бишкекке каттам жумасына бир ирет – жекшемби күндөрү аткарылса, кайра Сеулга учак дүйшөмбү күндөрү жөнөйт.   Учуу убактысы 7 саатты түзөт. Белгилеп кетсек, Сеул – Бишкек каттамы алгачкы… Кененирээк…

Туристтик сезондо милицияга 1 миң ыктыярчы жардам берет

Туристтик сезондо милицияга 1 миң ыктыярчы жардам берет. Кыргызстанда туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча Ички иштер министрлиги иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыкты.   Ведомстводон белгилешкендей, аймакта ошондой эле туристтик милиция кайгуул жүргүзүүдө. Ал эми жол инспекторлору айдоочулар жана жүргүнчүлөргө жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин аткарат.

Илон Масктын компаниясы SpaceX 14 жаштагы баланы жумушка алды

Илон Масктын компаниясы SpaceX 14 жаштагы баланы жумушка алды. Кайрен Квази Starlink спутниктери үчүн программалык камсыздоонун үстүндө иштеп жаткан командага кошулат.   Өспүрүм жакында эле Калифорниянын Санта-Клара университетин аяктап, бакалавр дипломун алды.   Муну менен ал 1851-жылы негихделген окуу жайдын тарыхындагы эң жаш бүтүрүүчү деп… Кененирээк…