Таластагы аэропорттун аэробекет комплексинин курулушуна капсула салынат

Таластагы аэропорттун аэробекет комплексинин курулушуна ушул жумада капсула салынат. Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришти.

 

Деңиз деңгээлинен 1 миң 266 метр бийиктикте жайгашкан Таластагы аба майдан 1940-жылдары ишке берилген, учурдагы учуп-конуу тилкеси жана аэровокзал имараты 1979-жылы курулган. Аэропорт 22 тоннага чейинки учактарды күндүзү гана кабыл алууга жарамдуу болуп салынган.

 

Убагында Таластан Бишкекке, Ошко, Токтогулга жана Жалал-Абадга такай каттамдар учуп турган. Бирок аба майдан учуу коопсуздук талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу мындан 10 жыл мурун убактылуу жабылган.