Кургакчылыктан улам жазгы-талаа иштерин жүргүзүү темпи төмөндөдү

Кыргызстанда кургакчылыктан улам жазгы-талаа иштерин жүргүзүү темпи төмөндөдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул жылдын май айына карата республика боюнча жалпысынан 661 миң гектарга жакын жаздык эгин себилди, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 миң гектарга аз.

 

Маалыматка ылайык, бул май өсүмдүктөрүнүн – 14%, дан буурчактар – 11%, пахта өсүмдүктөрүнүн – 10%, көп жылдык чөптөр – 3%, жаздык буудайдын жана жаздык арпанын – 1% кыскарышына байланыштууу болду.

 

Кошумчаласак, учурда Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым айыл аймактарында жаздык эгиндерди себүү уланууда.