Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Мекен-картты” бере баштады

Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Мекен-картты” бере баштады. Ведомстводон билдиришкендей, документти биринчилерден болуп кыргыз тектүү орус жараны алды.

 

“Мекен-карт” мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары, неберелерине берилет. Аны алган кыргызстандыктарга тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт.

 

“Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу болот, аны алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, мекемелерине кайрылса болот. Белгилеп кетсек, документ Кыргызстан менен чектешкен мамлекеттердин жарандыгын алгандарга берилбейт.