Кыргызстандан Кытайга жүзүм экспорттолот

Кыргызстандан Кытайга жүзүм экспорттолот.

 

Тиешелүү макулдашуу Кытай эл республикасынын делегациясынын сапарында жетишилди. Андан тышкары, кытайлык компаниялардын бири биздин өлкөдө минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча завод курат.

 

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдиргендей, бийлик ошондой эле Монголия менен тыгыз кызматташуу ниетинде. Бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүүдө.