Ысык-Көл аэропорту келечекте Россиядан 11 рейске чейин кабыл алат

коом

Ысык-Көл аэропорту келечекте Россиядан 11 рейске чейин кабыл алат. Бул тууралуу Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү жана ишкерлери бирикмесинин президенти Данил Ибраев билдирди. Flightradar24  сервисинин маалыматына ылайык, учурга карата аба майдан Россиядан 10 рейске чейин кабыл алып жатат.

 

Алар Москванын эки аэропортунан жана Екатеринбург, Новосибирск шаарларынан аткарылат. Ысык-Көл аба майданы бул сезондо башка багыттарды кабыл алган жок.