ЕАЭБде Кыргызстан өнөр жай өндүрүшү боюнча алдыга чыкты

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ичинен өнөр жай өндүрүшү боюнча Кыргызстан алдыга чыкты.

 

2023-жылдын январь-апрелинде Евразиялык экономикалык биримдикте айыл чарба продукцияларын өндүрүү 3,1 пайызга, ал эми өнөр жай тармагы 0,9 пайызга өскөн. Статистикалык мындай маалыматтарды Евразиялык экономикалык комиссия берген.
Көрсөткүчтөрдү карай келгенде, өнөр жай өндүрүшү боюнча Кыргызстан алдыга чыгып 4,6 пайызды камсыздаган. Ал эми айыл чарба продукциялары боюнча көрсөткүч 2 пайыз болгон.
ЕЭКтин экспресс баяндамасында 2023-жылдын январь-апрелинде аталган биримдикте мал чарбачылыгы өрүш алган. 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу малдын жана канаттуунун этин өндүрүү (тирүү салмагы) 2,7 пайызга, сүт – 3,7, жумуртка өндүрүү 2,4 пайызга өскөн.