Ичеги-карын инфекциялары жайында көбөйөт

Ичеги-карын инфекциялары – тамак сиңирүү органдарын жабыркатуучу жугуштуу оорулардын тобу. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти илдеттин белгилерин тизмектеди.
Маалыматта айтылгандай, ичеги-карын инфекциялары топуракта 18 айга чейин, сууда беш айга чейин жашайт. Мындан тышкары, ал инфекциялар түрдүү буюмдарда: кашыкта, идиште, эшиктин кармагычында, эмерек жана оюнчуктарда да болот.