Төө-Ашуу туннелинин ичин каптап жаткан суу токтоду

 

Бишкек–Ош автожолундагы Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду. Бул тууралуу 14-июнда кечке жуук Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

 

Мекеменин маалыматына караганда, 12-13-июнь күндөрү туннелдин ичин суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Оңдоо иштерине байланыштуу суу өткөрүүчү түтүктөр кумга толуп, суу жолго жайылган.

 

Жолчулар түтүктөрдү тазалап, суу кеткен, бирок бүгүн 14-июнда кечээки абал кайра кайталанган.

“Туннелдин ичиндеги жумуштар аягына чыкса, кийин мындай көйгөй жаралбайт”, — деп билдирди министрлик.

 

19-майдан тартып 28 -июнга чейин туннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдары акталып жатат. Буга байланыштуу автоунаанын өтүүсү күнүнө үч маал 2-3 саатка убактылуу чектелип жатат.