Кыргызстандын футбол боюнча курамасы бүгүн Оман командасына каршы ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы бүгүн Оман командасына каршы ойнойт. Беттеш Ташкентте “Пахтакор” стадионунда өтөт. Командалар 3-орун үчүн жана CAFA Улуттар Кубогунун коло медалдары үчүн топ талашат.   Оюн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7 жарымда старт алат.

Бишкекте Ала-Арча дарыясы тазаланып жатат

Бишкекте Ала-Арча дарыясы тазаланып жатат. Мэриядан билдиришкендей, учурда иштер анын Скрябин-Малдыбаев көчөлөр кесилишинен Ахунбаевге чейинки тилкесинде жүрүүдө.   Адистер куурап калган бутактарды, бактарды кыйып, камыш жана башка чөп-чарды чабууда. Мындай иштер 10 жылдан бери биринчи ирет аткарылып жатканы белгиленет. Башкы максат – кышкысын суу ташкындоо… Кененирээк…

21-июндан 23-июнга чейин милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт

21-июндан 23-июнга чейин милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтөт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай чара Германиянын президенти Франк Вальтер Штайнмайердин расмий сапарына байланыштуу киргизилет.   Коомдук тартипти сактоого 2 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Расмий иш-чаралар өткөн аймактар өзгөчө көзөмөлгө алынат.   Андан тышкары, айрым көчөлөр… Кененирээк…

2100-жылга чейин Кыргызстан калкынын саны 71 пайызга өсүшү күтүлөт

2100-жылга чейин Кыргызстан калкынын саны 71 пайызга өсүшү күтүлөт.   Мындай божомолду Бириккен улуттар уюмунун аналитиктери дүнө өлкөлөрүнүн калкынын өзгөрүүсүнө байланыштуу докладында келтиришти.   Мурдагы советтер өлкөлөрү арасында эң чоң өсүш Тажикстанда күтүлүүдө, коңшу өлкөнүн калкы кийинки 77 жылда 172 пайызга көбөйөт. Эске салсак, Улуттук… Кененирээк…

“Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя  6 миң 500дөн ашуун дыйканга берилди

“Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя  6 миң 500дөн ашуун дыйканга берилди. 16-июнга карата берилген насыянын жалпы суммасы 2,9 миллиард сомдон ашты.   Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Ведомство маалыматына караганда, насыянын жарымынан көбүн мал чарбачылык категориясы боюнча алышкан.   Эске салсак,… Кененирээк…

Мэрия тигүү цехтеринин жана дөңгөлөктүн калдыктарын сатып алууну караштырууда

Пландалган жумуштун баары ишке ашса жакын арада түтүн маселеси чечилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алдыдагы жылытуу мезгилинде экологиялык абалды жакшыртуу жана борбор калаада түтүндү болтурбоонун алдын алуу боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди. Жыйындын жүрүшүндө экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев… Кененирээк…

УКМК Жаратылышты өнүктүрүү фондунда коррупциялык схема аныкталганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары И.Б.М., министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору К.Т.К. кармалганын кабарлады. Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, алар «коррупциялык схема түзүүгө» шектелүүдө. Долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат

Кыргызстан мектептеринде бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат. Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, аттестат тапшыруу салтанаттуу иш-чарасы гана билим берүү органдарынын, ата-энелердин катышуусу менен өтүшү керек.   Андан кийин кафе-ресторандарда, жаратылыш койнунда отуруштарды уюштурууга тыюу салынатт.   Буйрукту аткарбаган мектеп жетекчилерине дисциплинардык жоопкерчиликтен тартып кызмат ордунан… Кененирээк…

Өлкөдө бүтүрүү кечелерин өткөрүү күндөрү коомдук коопсуздук күчөтүлгөн тартипте сакталат

Өлкөдө бүтүрүү кечелерин өткөрүү күндөрү коомдук коопсуздук күчөтүлгөн тартипте сакталат.   Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 21-июндан 23-июнга чейин мектептерде 9-класстын жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу иш-чаралары өтөт.   Буга байланыштуу  5 миң милиция кызматкери билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда жана көчөлөрдө көзөмөл жүргүзөт.

Кыргызстанда пияз экспорту 2,4 эсе өстү

Кыргызстанда пияз экспорту 2,4 эсе өстү.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Ушул жылдын январынан апрель айына чейин аталган жашылча 2,6 миллион долларга сатылган.   Жалпысынан экспорттолгон көлөм 11 миң тоннадан ашат. Басымдуусу Афганистанга, Беларуссияга жана Германияга сатылды.  Эске салсак, былтыр Өзбекстан менен… Кененирээк…