Индия тургуну 127 саат бою бийлеп дүйнөлүк рекорд орнотту. 16 жаштагы кыз 29-майда эртең менен музыкага кыймылдап баштап, 3-июнга чейин токтогон жок.
Рекорд орнотуу үчүн ал индиялык классика болуп калган бийди тандаган. Бир саатта бир жолу ага 5 мүнөткө тыныгуу берилип жатты. Кошумчаласак, буга чейинки 126 сааттык рекорд Непал бийчисине таандык болчу.