Самара – Бишкек – Самара аба каттамы жанданды. “Манас” эл аралык аэропорттун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, россиялык авиакомпаниянын лайнерлери 11-июндан тарта аталган багыт боюнча учуп баштады.
Самара шаарынан биздин ордо калаага каттам жумасына 1 ирет, жекшемби күндөрү аткарылат.