Шопоков шаарында мунай сакталган жайда чыккан өрттү өчүрүү аракети уланууда

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы темир жол бекетинин аймагында 20-июнда мунай сакталуучу жайдан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт тууралуу алгачкы маалымат саат 16:11де түшкөн. Аны өчүрүү иштерине Сокулук жана Москва райондорунун өрт өчүрүүчү техникасы кызматкерлери менен жалпы үч экипаж, Чүй облусунун башчысы жетектеген топ жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын ыкчам топтору тартылган.

Саат 17:00дө Бишкектин Ленин районунун өрт өчүрүүчүлөрү тартылып, аны өчүрүү аракеттери уланууда. Азырынча жабыркагандар жана чыгымдар тууралуу маалымат жок.

ӨКМдин басма сөз кызматы өрттүн себеби жана кесепети тууралуу кошумча маалымат берилерин билдирди.