Лионель Месси Сауд Арабиясындагы туризмди жарнамалоо үчүн 25 миллион доллар алат

Лионель Месси Сауд Арабиясындагы туризмди жарнамалоо үчүн 25 миллион доллар алат. Аргентиналык футболчу менен келишим 3 жылга түзүлдү. Макулдашууга ылайык, Месси Сауд Арабиясына үй-бүлөсү менен эс алууга барып, аталган өлкө жөнүндө публикацияларды жарыялашы керек.

 

Ага өлкөнүн аброюну шек келтире турган сөздөрдү айтууга тыюу салынат.

 

Эске салсак, бул жайда Лионель Месси сауд арабиялык “Аль-Хиляль” клубуна өтмөк, бирок жыйынтыгында америкалык “Интер Майами” клубун тандап алды.