Жыйынтыгы жараксыз деп табылган Ленин округу боюнча шайлоого дээрлик 16 миллион сом жумшалган

Жыйынтыгы жараксыз деп табылган Ленин округу боюнча шайлоого дээрлик 16 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Комиссия маалыматына ылайык, жалпысынан мөөнөтүнө чейинки шайлоого даярдык көрүүгө жана аны өткөрүүгө 18 миллион 636 миң сом бөлүнгөн.   Анын 15 миллион 414 миң сому сарпталып, 3 миллиондон… Кененирээк…

Өлкөдө 3-июлдан тарта транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн жубайлардын макулдугу керек болот

Өлкөдө 3-июлдан тарта транспорт каражаттарын кайра каттоо үчүн жубайлардын макулдугу керек болот.   “Унаа” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Үй-бүлө Кодексине ылайык, никеде алынган мүлк жубайлардын жалпы мүлкү болуп эсептелет, ага транспорт каражаты дагы кирет.   Андыктан, 3-июлдан тарта унааны сатууда күйөөсүнүн же аялынын макулдугун алуу милдеттүү… Кененирээк…

Кыргызстанда бензин июндун башынан тарта дээрлик 1,5 сомго кымбаттады

Кыргызстанда бензин июндун башынан тарта дээрлик 1,5 сомго кымбаттады.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин айдын башында 60 сом 22 тыйын болсо, учурда 61 сом  54 тыйындан сатылууда. АИ-92 1 сом 43 тыйынга кымбаттады. Ал эми дизелдик отун тескерисинче,… Кененирээк…

АКШда атактуу мультфильм жаратуучу Уолт Диснейдин үйү ижарага берилүүдө

АКШда атактуу мультфильм жаратуучу Уолт Диснейдин үйү ижарага берилүүдө. Аны менен бир ай колдонуу – 40 миң долларга айланат.   Ижарачы бул убакыт аралыгында 4 уктоочу бөлмөгө, 5 жуунучу жайга, конок тосуучу бөлмөгө, ашканага жана үй кинотеатрына ээ болот.   Үйдү “Диснейдин жомоктогудай хан сарайы”… Кененирээк…

Ленин округу боюнча кайра шайлоо 16-июлга чейин дайындалат

Ленин округу боюнча кайра шайлоо 16-июлга чейин дайындалат. Novosti.kgге Боршайкомдон билдиришкендей, добуш берүү күн бекитилгенден кийин 2 айдын ичинде өтүшү керек.   Эске салсак, БШК 28-майда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Лидерликке жеткен талапкер добуштарды сатып алууга шектелген. Андан кийинки каттоодо турган талапкер дагы… Кененирээк…

Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт

Борбор калаанын бир катар аймагында 20-июнь күнү жарык өчөт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактары» ишканасы кабарлады. Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: 09:00-13:00 — Дордой (1-көчө, Зайридин Кожонов көчөсүндө) конушунда; 09:00-17:00 — Москва көчөсүндө (№144 үйдө), Дордой (Эмгекчил, Ибраимов-3, Ибраимов-4 көчөлөрү) конушунда; 09:30-17:00 — 8-кичи… Кененирээк…

Кыргызстанга Германиянын президенти расмий сапар менен келет

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   Сапардын жүрүшүндө кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолугушат.   «Мамлекет башчылары кыргыз-немис кызматташтыгын, мындан тышкары мамилелерли достукта жана өнөктөштүктө өнүктүрүүнүн болочогун талкуулайт», —… Кененирээк…