Шопоков шаарында чыккан өрттөн 4 адам жабыркады

Чүй облусунун Шопоков шаарында мунай базасында ири өрт чыгып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон такташкандай, жабыркагандардын бирөөсүнүн абалы оор деп бааланууда. Алдын ала маалымат боюнча, “Шопоков” темир жол станциясынын жанындагы мунай базасында ири өрт чыгып, цистерна жарылып кетти. Кырсыктын келип чыккан себеби такталууда.