Ленин округу боюнча кайра шайлоо 16-июлга чейин дайындалат

Ленин округу боюнча кайра шайлоо 16-июлга чейин дайындалат. Novosti.kgге Боршайкомдон билдиришкендей, добуш берүү күн бекитилгенден кийин 2 айдын ичинде өтүшү керек.

 

Эске салсак, БШК 28-майда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Лидерликке жеткен талапкер добуштарды сатып алууга шектелген. Андан кийинки каттоодо турган талапкер дагы шайлоо фондунан тышкары каражат колдонгону үчүн анын жыйынтыгы дагы эсепке алынбайт.