Жыйынтыгы жараксыз деп табылган Ленин округу боюнча шайлоого дээрлик 16 миллион сом жумшалган

Жыйынтыгы жараксыз деп табылган Ленин округу боюнча шайлоого дээрлик 16 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Комиссия маалыматына ылайык, жалпысынан мөөнөтүнө чейинки шайлоого даярдык көрүүгө жана аны өткөрүүгө 18 миллион 636 миң сом бөлүнгөн.

 

Анын 15 миллион 414 миң сому сарпталып, 3 миллиондон ашык үнөмдөлд.

 

Эске салсак, БШК 28-майда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Лидерликке жеткен талапкер добуштарды сатып алууга шектелген. Андан кийинки каттоодо турган талапкер дагы шайлоо фондунан тышкары каражат колдонгону үчүн анын жыйынтыгы дагы эсепке алынбайт.