Милиция 23-июнга чейин кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай чара Германиянын президенти Франк Вальтер Штайнмайердин расмий сапарына байланыштуу киргизилет.
Коомдук тартипти сактоого 2 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Расмий иш-чаралар өткөн аймактар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Андан тышкары, айрым көчөлөр унаа кыймылына чектелет. Жарандарга убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алуу сунушталат.