Кышкысын электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү Токтогулда суу толгонунан көз каранды болот

Кышкысын электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү Токтогулда суу толгонунан көз каранды болот. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев жарыялады.

 

Анын айымында, июнда Токтогул суу сактагычына былтыркыга салыштырмалуу 2 миллиард кубка аз суу топтолду. Эгер күзгө чейин 14,5 миллиард куб метр суу топтолсо, анда электр энергиясы менен маселе болбойт.

 

Эгер суунун көлөмү 13 млрд. куб метр деңгээлинде кала берсе, электр кубатынын таңкыстыгы   2,5 миллиард киловатт саатты түзөт. Бул өз кезегинде чектөөлөргө алып келиши мүмкүн, — деди чиновник.