Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA Nations Cup — 2023 мелдешинде Оманга жеңилип калды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы CAFA Nations Cup — 2023 мелдешинде Оманга жеңилип калды. Оюндагы жалгыз голду биздин дарбазага омандык жарым коргоочу Аршад Аль Аляви киргизди. Муну менен Оман курама командасы мелдештин коло байгесине ээ болду.

 

Ал эми Кыргызстан төртүнчү орунга жайгашты.