Бул иш жумасы бир күнгө кыска болот

Бул иш жумасы бир күнгө кыска болот.   Келе жаткан шаршемби, 28-июнда өлкөдө Курман айт белгиленет. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул күнү салттуу түрдө Эски аянтта айт намазы окулат.   Белгилеп кетсек, Курман айт орозо аяктагандан кийин 70-күнгө туура келет. Бул майрам кызыл даталарга киргендиктен,… Кененирээк…

Франция 2024-жылкы Олимпиада оюндарына карата учуучу такси кызматын киргизет

Франция 2024-жылкы Олимпиада оюндарына карата учуучу такси кызматын киргизет. Немис өндүрүшүндөгү аппарат электр кубаты менен жүрөт. Ал 35 чакырымга чейин учат, ал эми эң жогорку ылдамдыгы саатына 110 чакырымга жетет.   Учуучу такси диаметри 15 метр болгон аймакта учуп-коно алат, андыктан, шаар ичинде ыңгайлуу болот.

Кичинекей балдар үчүн эң пайдалуу мөмөлөр аталды

Кичинекей балдар үчүн эң пайдалуу мөмөлөр аталды. Педиатр, балдар гастроэнтеролог Дарья Маркова билдиргендей, карагат иммунитетти бекемдеп, кан тамырларды чыңдап, темир жана кальцийдин жакшы сиңишин камсыздайт.   Кызыл карагатта A витамини жана көздүн көрүүсүнө оң таасир эткен бета-каротин бар. Кызыл карагат организмде йоддун жетишсиздигин да алдын… Кененирээк…

Бишкекте таштанды челектеринин жанына токтотулган унаалар айып короого жеткирилип, айдоочусуна айып салынат

Бишкекте таштанды челектеринин жанына токтотулган унаалар айып короого жеткирилип, айдоочусуна айып салынат. “Тазалык” муниципалдык ишканасына өзүнчө эвакуатордук бригада бекитилди.   Бул тууралуу анын жетекчиси Рамиз Алиев билдирди. Анын айтымында, эми  “Тазалыктын” кызматкерлери эвакуатордук бригадага унаа жолтоо болуп жаткан даректерди жөнөтүп турат.

Кыргызстанда көмүр экспорту дээрлик 2,5 эсе өстү

Кыргызстанда көмүр экспорту дээрлик 2,5 эсе өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь айынан апрелге чейин өлкө 581 миң тонна көмүр экспорттоду.   Ал эми өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгында бул көрсөткүч 238 миң тоннаны түзгөн. 4 айда 12,5 миллион долларга көмүр… Кененирээк…

Бишкектин бир катар аймагында 26-июнь күнү жарык өчөт

26-июнда Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы болбойт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактары» ишканасы маалымдады. Билдирмеге ылайык, бул күнү электриктер бактарды бутап, зым тартуу, жабдыктарды оңдоо сыяктуу бир катар жумуштарды аткарышат. Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар: 9:00-17:00 – Ахунбаев көчөсүндөгү №127 үй, Дэн Сяопин, Интергельпо,… Кененирээк…