Кыргызстанда көмүр экспорту дээрлик 2,5 эсе өстү

Кыргызстанда көмүр экспорту дээрлик 2,5 эсе өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь айынан апрелге чейин өлкө 581 миң тонна көмүр экспорттоду.

 

Ал эми өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгында бул көрсөткүч 238 миң тоннаны түзгөн. 4 айда 12,5 миллион долларга көмүр сатылды. Кара отунду биздин өлкөдөн эң көп Беларусь, Венгрия жана Кытай экспорттоду.