Ысык-Көлгө эс алууга 100 бала жөнөтүлдү

Ысык-Көлгө эс алууга 100 бала жөнөтүлдү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей,   “Жалын” ден соолукту чыңдоо лагери атайын  турмуштук оор кырдаалга кабылган, майыптыгы бар жана жетим балдар үчүн уюштурулган.   Буга чейин ведомство тарабынан эс алуучу жайга 240 бала жөнөтүлгөн болчу.

Мектептерде 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Мектептерде 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бул этапта жашаган дарегине карабай  26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот.   Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлүп, 1-класска 81 миң 396 бала кабыл алынды. Белгилеп кетсек, электрондук каттоо… Кененирээк…

Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат

Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.   Белгилеп кетсек, Асман шаарын чет элдик инверсторлор салат деп пландалууда. Калаада 700 миңге чейин адам жашап, анын жалпы  аянты 4 миң гектарды түзөт деп айтылып келет.

Кыргызстанда инфекциялык оорулар күч алууда

Кыргызстанда инфекциялык оорулар күч алууда.   Республикалык инфекциялык ооруканага кайрылгандар да, жаткырылгандар да көбөйүп жатканын “Азаттыкка” оорукананын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдирди.   Анын айтымында, бейтаптардын көбү ашказан-ичеги органдарынын энтеровирустук инфекциясы менен кайрылгандар. Күнүнө дарыгерлердин жардамына кайрылгандардын саны 300дөн ашууда. Көбү жаш балдар. Инфекцияга кабылбаш үчүн… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды.   Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 09:08де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Сузак районунун Таралча, Канжыга айылдарында — 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө.   Министрликтен белгилешкендей, буга байланыштуу коопсуздук… Кененирээк…

Кыргызстанда Курман айт намазы 28-июнда күнү эски аянтта окулат

Кыргызстанда Курман айт намазы 28-июнда күнү эски аянтта окулат. Бул тууралуу муфтияттин билдиришти. Иш-чара таңкы саат 06:00дө башталып, дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат.   Программа: 06:00-07:00 – дин аалымдарынын баяндамасы; 07:00-07:30 – Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин куттуктоосу жана баяндамасы; 07:30 – Айт намаз. Мусулмандардын… Кененирээк…

Кыргызстандын делегациясы Кашкар шаарында форумга катышты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу 21-25-июнь күндөрү кыргыз делегациясынын курамы менен Кытайдын Кашкар шаарында өткөн Борбордук Түштүк Азия өлкөлөрүнүн катышуусундагы 13-Кашкар көргөзмө-жарманкесине катышты. Министрликтен билдиришкендей, көргөзмөнүн биринчи күнүндө Шинжаңдын белгилүү чыгармачыл топторунун катышуусунда «Кашкар жарманкеси» гала-концерти өттү.  … Кененирээк…

АКШда аял болгон байлыгын мышыктарына калтырат

АКШда аял болгон байлыгын мышыктарына калтырат. 84 жаштагы Нэнси Сауэр мурас катары 2,5 миллион долларлык үйүн сүйүктүү үй жаныбарларына калтырууну чечти.   Ошондой эле, ар бир мышыкка ири суммадагы акча тиет. Аялдын жакындары анын мындай чечимине таң калган жок, анткени, Нэнси  уникалдуу адам болуп, дайыма… Кененирээк…

Бишкектин Кайгуул кызматы күчөтүлгөн режимге өттү

Бишкектин Кайгуул кызматы күчөтүлгөн режимге өттү.   Бул тууралуу ордо калаанын Кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкектин айланасы боюнча жана эс алуу аймактарына кире бериште блокпосттор орнотулду.   Айдоочуларга жана жөө жүрүүчүлөргө коомдук тартипти бузбай, жол эрежелерин сактап, жол кыймылынын башка катышуучуларына сый мамиле… Кененирээк…