Кичинекей балдар үчүн эң пайдалуу мөмөлөр аталды. Педиатр, балдар гастроэнтеролог Дарья Маркова билдиргендей, карагат иммунитетти бекемдеп, кан тамырларды чыңдап, темир жана кальцийдин жакшы сиңишин камсыздайт.
Кызыл карагатта A витамини жана көздүн көрүүсүнө оң таасир эткен бета-каротин бар. Кызыл карагат организмде йоддун жетишсиздигин да алдын алат.
Ал эми малина ичеги-карындын иштешин жакшыртат. Адис кара бүлдүркөндөгү K витамини сөөктүн бекем болуп өсүшүнө жардам берерин билдирди.