Оштун тургундары эми таза суусуз калбайт. Шаар калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу резервуарлар ишке кирди. Президент администрациядан билдиришкендей, ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөт.
Долбоордун баасы 194 миллион сом. Белгилеп кетсек, Ош шаарында көп жылдардан бери ичүүчү суу маселеси курч болуп келген.
Жаан жаап же сел жүрсө ачык суу сактагычтын — Ак-Буура дарыясынан пайдаланылган суу булганып, шаарга суу берүү токтотулчу.