Бүгүн Билим күнү. Кыргызстандын 2 миң 200дөн ашык мектебинде саат 9да салтанаттуу линейка башталат. Андан кийин окуучуларга мугалимдер Мекен темасында ачык сабак өткөрөт.
Толук кандуу окуу процесси болсо 4-сентябрда башталат. Быйыл биринчи класска 160 миңдей бала кабыл алынды. Кабыл алуу электрондук форматта апрелден августтун 31ине чейин жүргүзүлдү.