Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар бүгүн каттамга чыкты

Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар бүгүн каттамга чыкты. Мэриянын маалыматына караганда, ордо калаанын автотранспорттук ишканасы 200 автобус менен толукталган.

 

Алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ташууга ылайыкталып, видеокөзөмөл камералары менен камсыздалган. Андан тышкары, коомдук транспортто накталай эмес төлөмдү кабыл алуу үчүн валидаторлор орнотулган.

 

Эске салсак, бюджеттин эсебинен Кытайдан миң автобус сатып алуу пландалган. Жыл аягына чейин өлкөгө дагы 300дөй транспорт келет деп күтүлүүдө.