Грета Гервигдин “Барби” тасмасы Варнер Броз студиясынын тарыхындагы эң кирешелүү тасма деп аталды. Ал дүйнөлүк прокатта 1 миллиард 340 миллион доллар чогултту.
Ага чейин 12 жыл бою студиянын лидерлигин “Гарри Поттердин” соңку бөлүгү сактап келген. Финал прокатта 1 миллиард 315 миллион доллар чогулткан болчу.
Эми “Барби” быйыл чыккан анимациялык “Супер Марио кинодо” тасмасынан ашып өтүшү керек. Бул картина прокатта 1 миллиард 359 миллион доллар топтой алган.