Өлкөдө майыптуулукту каттоо боюнча процедура жеңилдетилди

Өлкөдө майыптуулукту каттоо боюнча процедура жеңилдетилди. Novosti.kgге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул максатта ведомство “Өкмөттүк акселераторлор” долбооруна кошулду.

 

Анын алкагында жарандарга майыптуулукту тастыктоо жана каттоо үчүн бир эле документ керектелет. Ал эми буга чейин 11 ар кандай маалымкат чогултуу керек болчу.

 

Эске салсак, “Өкмөттүк акселераторлор” долбоору Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылып жатат.