Президент бир катар тармактын өкүлдөрүнө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

 

Анда мамлекеттик кызмат, медицина, билим берүү, маданият, адабият, токой чарбасы, коопсуздук, ойлоп табуучулук тармактарында «Эл артисти», «Эл сүрөтчүсү», «Эл акыны» ардактуу наамдарын, «Даңк» медалын алгандар болду.

 

Жапаров сыйлык тапшырып жатып, 2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик чек ара аймагындагы куралдуу кагылышууда жайкын тургундардын өмүрүн сактап калууда бекем туруп өмүрүн арнаган Мыктыбек Мурзажанов, Уланбек Улукбеков, Айбек Ысманов сыяктуу баатыр жоокерлерге ыраазычылык билдирди.