Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында чек арачыларга батирлердин ачкычтары тапшырылды

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында чек арачыларга батирлердин ачкычтары тапшырылды. Төрт кабаттуу үй аскер шаарчасынын аймагында курулду. 36 батирлүү үйдүн курулушуна каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.   Жаңы турак-жай комплексинде көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө жылытуу системасы, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган.

Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын жаңы аянты автобустарды кабыл алууга даяр

Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасынын жаңы аянты автобустарды кабыл алууга даяр.   Автопарктын жалпы аянты 5 гектарды түзөт. Жанында ошондой эле автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча борбор жайгашкан.   Аймакка асфальт төшөлүп, жарык системасы өткөрүлүп, газ толтуруучу станциясы дагы бар. Эске салсак, учурда аталган паркта… Кененирээк…

Бишкекте өткөн кайра шайлоонун алкагында добуштарды кол менен саноо аяктады

Бишкекте өткөн кайра шайлоонун алкагында добуштарды кол менен саноо аяктады. Ага ылайык, жыйынтык эсептөө аяктагандан кийин өзгөргөн жок. Боршайкомдун маалыматына ылайык, 51 шайлоо тилкесинен документтер Ленин округундагы шайлоо тилкесине өткөрүлүп берилди. ​   Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы электрондук маалыматтар менен дал келди.   Добуштардын басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле талапкер… Кененирээк…

Кыргызстанда такси кызматы үчүн накталай эмес төлөмдөр тарыхый чекке жетти

Кыргызстанда такси кызматы үчүн накталай эмес төлөмдөр тарыхый чекке жетти.   Жыл башынан бери кыргызстандыктар жол кире акысына төлөм уюмдары аркылуу которуу жолу менен 1 миллиард 106 миллион сомдон ашык төлөштү. Бул өткөн жыл менен дээрлик бирдей.   Жылдын экинчи кварталында такси кызматы үчүн орточо… Кененирээк…

Үч облустун мектептеринде робототехника класстары ачылат

Үч облустун мектептеринде робототехника класстары ачылат. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, класстар Нарын, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы мектептерде пайда болот.   Бүгүнкү күндө аймактарга керектүү жабдуулар — компьютерлер, интерактивдүү такталар, көп функционалдуу принтерлер, 3Д каражаттар жана эмеректер жеткирилүүдө.

Алдыдагы күз-кыш мезгилинде өлкө аймагында 550дөй көмүр саткан база ачылат

Алдыдагы күз-кыш мезгилинде өлкө аймагында 550дөй көмүр саткан база ачылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.   Чиновник жеке көмүр казган компаниялар ички керектөөчүлөргө бааны жогорулатса өкмөт экспортту жаба турганын эскертти. Алар биринчиден бюджеттик мекемелердин жана элдин керектөөсүн жабышы керек, —… Кененирээк…

“Ак шумкарлар” Кувейт курамасын 3:1 эсебинде утуп алышты

Дубайда өткөн жолдоштук беттеште “Ак шумкарлар” Кувейт курамасын 3:1 эсебинде утуп алышты. Novosti.kgге Кыргыз футбол союзунан такташкандай, оюндун эсебин 11-мүнөттө атаандаш тарап ачты.   Ал эми 43-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов эсепти теңеди. Экинчи таймда эки голду Кожо Жоэль киргизип, беттеш Кыргызстандын пайдасына жыйынтыкталды.   Эске салсак,… Кененирээк…

«Барселона» футбол академиясына кабыл алуу башталды

«Барселона» футбол академиясына кабыл алуу башталды.   Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, жараян 15-сентябрда академиянын аймагында өтөт. Ага ылайык, 6 жаштан 12 жашка чейинки балдарды кабыл алуу жана 13 жаштан 18 жашка чейинки оюнчуларды тандоо жүргүзүлөт.   Жаш футболчуларга испандык машыктыруучулар менен футболдун каталондук ыкмасын үйрөнүүгө… Кененирээк…

Жалал-Абадда эки жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абадда эки жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы орто мектеп 150 орунга ылайыкташып, эки кабаттан турат. Заманбап мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 43 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.   Ал эми Авлетим айыл аймагында жайгашкан 225… Кененирээк…

Токтогулдун Торкен айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды

Токтогулдун Торкен айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, курулушка республикалык бюджеттен 100 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.   Билим уясынын курулушуна жергиликтүү бийлик өкүлдөрү капсула салды.