Кыргызстанда 4 ири ирригациялык система калыбына келтирилет

Кыргызстанда 4 ири ирригациялык система калыбына келтирилет. Суу ресурстары мамлекеттик кызматы “Кыргызстандын суу ресурстарынын туруктуулугун жогорулатуу” долбоорун ишке ашырууда.

 

Анын алкагында Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы каналдар реконструкцияланат. Долбоорго Азиялык өнүктүрүү банкы тарабынан 43,5 миллион доллар бөлүнгөн.