Кытайда кийиминде 20 экзотикалык жаныбарды өткөрүүгө аракет кылган аял кармалды

Кытайда кийиминде 20 экзотикалык жаныбарды өткөрүүгө аракет кылган аял кармалды. Контрабандалык “жүктө” 9 жылан, 6 кобра, 4 жөргөмүш жана бир кескелдирик болгон.

 

Бажы кызматкерлери аялдын кийимине жана анын кызыктай басканына шек санашкан. Текшерүүдө аялдын чөнтөктөрүнөн жана кийиминин ичинен жаныбарлар чыкты. Белгилеп кетсек, Кытайда жаныбарларды уруксатсыз ташуу үчүн айып жана эркинен ажыратуу каралат.