Кызамыкка каршы вакцина алып келинди

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы алып келинди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кызылча-кызамык вакцинасы —  аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган.

 

Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр — инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу 3 күндөн көп эмес убакыт ичинде өз алдынча өтүп кетет.

 

Бул вакцина менен оорунун чыгышына жооп катары иммунизация жүргүзүүнүн алкагында 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделет. Иммунизация убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлөт, алар саламаттык сактоо уюмдарында жана билим берүү мекемелеринде уюштурулат.

Кызамык жана кызылчага каршы кошумча вакцина берүү өнөктүгү 18- сентябрда Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында башталып, 29-сентябрга чейин уланат.