Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктарды чет мамлекеттерде ишке орноштуруу боюнча иштерди жүргүзүүсүн улантууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктарды чет мамлекеттерде ишке орноштуруу боюнча иштерди жүргүзүүсүн улантууда. Бизге ведомстводон билдиришкендей, кеп расмий келишим аркылуу Венгрия, Түштүк Корея, Япония, Түркия өлкөлөрүнө жарандарды жөнөтүү тууралуу болуп жатат.

 

Бул мамлекеттерде 2 түрдүү жумуш сунушталат – туруктуу жана убактылуу.

 

Биринчисинде тил билген кыргызстандыктар өз кесиби боюнча иштей алса, экинчисинде айыл-чарба иштерине тартылат жана тил билүүнүн зарылчылыгы жок.