Чүй облусунун Садовое айылынын тургундары таза суу менен камсыздалат. Калк жашаган түйүндө учурда суу дарбазасын куруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле суу түтүктөрүн кошуу боюнча жумуштар аткарылууда.
Долбоорго 1 миллион сомдон ашык бөлүнгөн. Каражат жергиликтүү бюджеттен багытталды.