Бишкектин бир бөлүгүндө газ болбойт. Бүгүнтөн тарта 29-сентябрга чейин Аламүдүн, БЧК каналынын жээктеринде, Чугуев, Чернышевский көчөлөрүндө көгүлтүр от берүү токтотулат.
Мындан тышкары, бүгүн жана эртең Үмөталиев, Пушкин, Турусбеков көчөлөрүнүн тилкелеринде газ болбойт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.