Ноокаттагы 190 орунга ылайыкталган мектептин курулушу быйыл бүтөт

Ноокаттагы 190 орунга ылайыкталган мектептин курулушу быйыл бүтөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кургак-Тектир айылындагы мектептин курулушу 2021-жылы башталган.

 

Учурда окуу корпусу, спорттук залы бүткөрүлүп, ички жасалгалоосу жүрүп жатат.