Авазбек Аманбеков Азия оюндарында коло медаль тагынды

Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Авазбек Аманбеков Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу 56 кг салмак категориясында беттешти.   Белгилеп кетсек, бул ушу-саньда боюнча… Кененирээк…

Бүгүн «Унаа» мекемесинин Ош шаардык бөлүмү убактылуу иштебейт

Бүгүн «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаардык бөлүмү убактылуу иштебейт. Ведомстводон билдиришкендей, мунун себеби электр энергиясынын өчүрүлгөнүнө байланыштуу.   Оңдоп-түзөө иштеринен улам, бул күнү Ош шаарынын айрым бөлүктөрүндө жарык жок болот.

Бүгүн Улуттук кардиология борборунда ачык эшик күнү өтөт

Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунун базасында бүгүн «Ар бир жүрөк маанилүү» урааны астында ачык эшик күнү өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, шаар тургундары саат 10:00дөн 15:30га чейин келип, дарыгерлердин көзөлөмүнөн өтө алат.   Иш-чара жыл сайын… Кененирээк…

Манас проспектисине 200 түп туя отургузулду

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы шаарды штаттык режимде тейлөөнү улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкананын кызматкерлери тарабынан бүгүнкү күндө Манас проспектисин бойлой 200 түп ийне жалбырактуу туя отургузулду. Ал эми учурда жашылдандыруучулар Жаш Гвардия бульвары, Турусбеков, Жукеев-Пудовкин көчөлөрү, Чүй жана Жибек Жолу проспектилери, Фере, Горький, 7-Апрель, Чолпон-Ата көчөлөрү, ошондой… Кененирээк…

Мурас-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакча курулат

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Мурас-Ордо конушундагы 280 орундуу бала бакчанын курулушуна конкурс жарыялады. Муниципалитеттен билдиришкендей, жер участогунун аянты 1,6 гектарды, ал эми имараттын аянты 2700 чарчы метрди түзөт.   280 орунга эсептелген бала бакчанын сметалык наркы 218 мн 229 миң 539,94 сомду түзүп, шаардык… Кененирээк…

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери жол үчүн 2 млрд доллардан ашык карыз алган

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери жол үчүн 2 млрд доллардан ашык карыз алган. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Ырысбек Бариев парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.   Белгиленгендей, 2 млрд 660 млн доллардын 2 млрд 300 миллиону насыя, калганы гранттык каражаттар.  … Кененирээк…

Жыл башынан бери казинодон 46 миллион 350 миң сом салык түштү

Кыргызстанда жыл башынан бери казинодон 46 миллион 350 миң сом салык түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин январь-август айларындагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетунда жазылат. Букмекер кеңселери жана тотализатор оюндарынан 1 млн. 400 миң сом салык чогулду.   Өлкөдө казино ишмердигине 2012-жылы салынган тыюу 2022-жылы алынган.… Кененирээк…