“Манас” эл аралык аэропорту жаңы каттамдарды кое берүүдө

“Манас” эл аралык аэропорту жаңы каттамдарды кое берүүдө. Аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, 2-октябрдан тарта Шарм-эш-Шейх – Бишкек каттамы ачылат.   Чартердик кышкы рейстери дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү аткарылат. Андан тышкары, 30-октябрдан 30-мартка чейин вьетнамдык лоукостер Нячанг шаарынан Бишкекке учуучуларды ишке ашырат. Бул багыт боюнча… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого укук берген мыйзам долбоорду кабыл алды

Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого укук берген мыйзам долбоорду кабыл алды. Ага ылайык, аталган органдын чыгарган тыянагы айрым учурда акыркы болуп саналбайт.   Президенттин жана Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен кайра каралууга жатат. Конституциялык соттун чечими бир нече иштер боюнча, анын ичинде “кыргыз элинин баалуулуктарына,… Кененирээк…

Кыргызстанда казиного экинчи лицензия берилди

Кыргызстанда «Казино Кристал» ишканасына лицензия берилди. Ачык бюджет порталындагы маалыматка ылайык, март айында каттоодон өткөн «Казино Кристал» кумар оюндарына лицензия алуу үчүн 84 миллион сом төлөгөн. Бул өлкөдө расмий түрдө казиного берилген экинчи лицензия.   «Казино Кристал» ишканасынын атын атагысы келбеген өкүлү «Азаттыкка» казино иштеп баштаганын ырастады.… Кененирээк…

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткарат

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Догдуркүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.   Ал эми президенттин башка жарлыгы менен буга чейин министрдин милдеттерин убактылуу аткарып жаткан Уланбек Усеков кызматтан бошотулду.  … Кененирээк…

2027-жылы жаштар арасында футбол боюнча чемпионат өтө турган өлкө аныкталды

УЕФА конгресси 19 жашка чейинкилер арасында футбол боюнча Европа чемпионатын өткөрүү үчүн Израилди тандады.   Расмий чечимге ылайык, турнирди 2026-жылы Уэльс, бир жылдан кийин Израил өткөрөт.   Израилдин жаштар командасы өткөн жайда Европа чемпионатынын финалына чыгып, өлкөсүн чоң шаңга бөлөгөн. Учурда алар 2024-жылы жайында Түндүк… Кененирээк…

Кыргызстанда ундун баасы туруктуу экени кабарланды

Кыргызстанда 1-сорттогу ундун баасы туруктуу, сатып алуучулар арасында ажиотаж жок. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов билдирди.   Анын айтымында, атамекендик өндүрүштүн 1-сорттогу бир кап уну 1 миң 500 сомду түзөт.   Чиновник ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана унга… Кененирээк…

Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын боюна үй курууга тыюу салуу сунушталды

Жаратылыш ресурстар министрлиги Бишкектин Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын боюна жаңы үйлөрдү курууга тыюу салууну сунуштоодо. Бул тууралуу мекеменин өкүлү Нурлан Шаршеев билдирди.   Ал белгилегендей, жалпысынан бул аймактарда жаңы объектилерди курууга болбойт, бирок айрым курулуш компаниялары эрежеге баш ийбей келет. Мындан улам мораторий киргизүү сунушталууда.… Кененирээк…

Дагы бир медаль! Темирлан Аманкулов Азия оюндарында коло байге алды

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Темирлан Аманкулов коло медаль алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Спортчу оюнга 75 кг салмак ченинде катышты.   Бул Кыргызстан курама командасынын Азия оюндарындагы үчүнчү медалы. Буга… Кененирээк…

Кыргызстандыктар саякатка дээрлик 262 млн доллар жумшашты

Кыргызстандыктар саякатка дээрлик 262 млн доллар жумшашты.   Ушул жылдын биринчи жарымында кыргызстандыктар чет өлкөгө жигердүү саякаттай баштады. Мындан улам алардын чыгымдары да өскөн деп билдирди Улуттук статистикалык комитет.   Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алты айында кыргызстандыктардын саякатка чыгашалары 261 млн доллардан ашкан. Бул өткөн жылдын… Кененирээк…

Садыр Жапаров иш сапары менен Германияга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн Берлин шаарына учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, өлкө башчынын иш сапарынын алкагында Олаф Шольц менен… Кененирээк…