Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери жол үчүн 2 млрд доллардан ашык карыз алган

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери жол үчүн 2 млрд доллардан ашык карыз алган. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Ырысбек Бариев парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

 

Белгиленгендей, 2 млрд 660 млн доллардын 2 млрд 300 миллиону насыя, калганы гранттык каражаттар.

 

Соңку маалыматтарга ылайык, өлкөдө автоунаа жолу 34 миң чакырымды түзөт, анын 19 миң чакырымы жалпы пайдалануудагы жолдор.