Авазбек Аманбеков Азия оюндарында коло медаль тагынды

Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Авазбек Аманбеков Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX жайкы Азия оюндарында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу 56 кг салмак категориясында беттешти.

 

Белгилеп кетсек, бул ушу-саньда боюнча Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарындагы биринчи медаль.